• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бүгүндөн тарта калкты тейлөө борборлору жарандардын биометрикалык маалыматтарын саат 20:00гө чейин кабыл алат

Коом 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. 14-19-сентябрь күндөрү калкты тейлөө борборлору жарандардын биометрикалык маалыматтарын саат 20:00гө чейин кабыл алат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Каттоо кызматы белгилегендей, калган кызматтар мурункудай эле саат 09:00дөн 18:00гө чейин көрсөтүлөт.

"Жарандардын шайлоочулардын тизмесине киргизилүүсүнүн башкы шарты - биометрикалык каттоодон өтүшү. Жарандарга биометрикалык каттоодон өтүшүнө шарт түзүү үчүн өлкөдөгү калкты тейлөө борборлорунун иш убактысы узартылды. 14-19-сентябрь күндөрү калкты тейлөө борборлору жарандардын биометрикалык маалыматтарын саат 20:00гө чейин кабыл алат", - деп билдирет Каттоо кызматы.

Калкты тейлөө борборлорунун даректери:

Бишкек:

Калкты тейлөө борбору-1 - Бишкек шаары, Нуркамал көчөсү 29.
Калкты тейлөө борбору-1 - Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 2 б
Калкты тейлөө борбору-1 - Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары 4
Калкты тейлөө борбору-1 - Бишкек шаары, Ауэзов көчөсү 1/5
"Фрунзе" гипермаркетиндеги калкты тейлөө борбору - Садырбаев көчөсү 107 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет)
Т. Молдо көчөсүндөгү (21) калкты тейлөө борбору (Фрунзе көчөсү менен кесилишет)

Чүй облусу:

Шопоков калкты тейлөө борбору - Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү 1

Ысык-Көл облусу:

Каракол калкты тейлөө борбору - Каракол шаары, Гебзе көчөсү 124

Нарын облусу:

Нарын калкты тейлөө борбору - Нарын шаары, Токтосунов көчөсү 24

Талас облусу:

Талас калкты тейлөө борбору - Талас шаары, Дзержинский көчөсү №28

Жалал-Абад облусу:

Жалал-Абад калкты тейлөө борбору - Барпы Сейил көчөсү 220
Базар-Коргон калкты тейлөө борбору - Базар-Коргон айылы, Курбанов көчөсү 1
Сузак калкты тейлөө борбору - Сузак айылы, Каримбердиев көчөсү 1

Ош облусу:

Ош-1 калкты тейлөө борбору - Ош шаары, Ленин көчөсү 318
Ош-2 калкты тейлөө борбору - Ош шаары, Раззаков көчөсү 2
Өзгөн-1 калкты тейлөө борбору - Өзгөн шаары, Ленин көчөсү 115

Баткен облусу:

Баткен калкты тейлөө борбору - Баткен шаары, Мурат Салихов көчөсү 41
Кызыл-Кыя калкты тейлөө борбору - Кызыл-Кыя шаары, Маяковский көчөсү 3

Пикир

Оставить комментарий