• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте 211 млн сомдук жер тилкеси жеке жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталды

Коом 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Бишкекте 211 млн сомдук жер тилкеси жеке жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан КР жер жана коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө КР Борбордук мамлекеттик архивинин, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын, Октябрь району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышканы аныкталган. Анда аталган кызматтардын кызмат адамдары пайда көрүү максатында 2021-2022-жылдар аралыгында Октябрь райондук администрациясынын 2007-жылдагы жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү токтомун жасалмалашып, ал токтомго кошумча 62 жарандын тизмесин киргизишкен. Ошентип, 2022-2023-жылдары Октябрь районунун түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан 1 га жер аянтын 18 жаранга мыйзамсыз бөлүп берип, жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларын беришкендиги аныкталды.

Натыйжада жогорудагы кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 211 млн сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча, Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("ызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине тапшырылды.

Ошондой эле аталган жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн сотко доо арыздар келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий