• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

«Рухий-Мурас» конушуна 700 орундуу мектеп курулат. Тендер жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. «Рухий-Мурас» конушуна 700 орундуу мектеп курууга тендер жарыланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы билим берүү мекемеси 700 орунга ылайыкталган. “Документ иштери толугу менен бүтүп калды. Мектеп «Рухий-Мурас» конушундагы Анкара көчөсүнө курулат”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Мектепти куруунун баштапкы баасы 156 млн 126 миң 673 сомду түзөт. Каржылоо булагы – шаардык бюджет.

Тендер борбор калаа мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча өтөт.

Сынак тууралуу толук маалымат бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланат: http://zakupki.gov.kg

Пикир

Оставить комментарий