• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Асел Чынбаеванын төрагалыгы астында КМШ өлкөлөрүнүн эксперттеринин катышуусунда эл аралык онлайн конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 30.04.24./Кабар/. Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын төрагалыгы алдында “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин аймактарында баланын укуктары боюнча эл аралык келишимдерди колдонуу тажрыйбасы жөнүндө” онлайн форматтагы эл аралык конференция болуп өттү.

Бул эл аралык конференцияны 2023-2024 – жылдарга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу (омбудсмендеринин) комиссиясынын иш планын аткаруунун алкагында Кыргызстан уюштурду.

Конференцияны ачып жатып, Асел Чынбаева КМШга мүчө ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрүнүн контекстинде балдардын укуктары жөнүндө эл аралык келишимдерди ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуунун жана талкуулоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ал бул диалог балдардын укуктарын коргоону жакшыртууга жана региондо алардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

КМШ Аткаруу комитетинин укуктук департаментинин директору Лариса Заудальская кириш сөзүндө мүчө мамлекеттердин ортосунда балдардын укуктарын коргоо контекстинде кызматташуунун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн айтты.

Конференциянын жүрүшүндө КМШга кирген мамлекеттердин эксперттери балдардын укуктарын коргоо жаатындагы өз тажрыйбалары менен бөлүштү, ошондой эле бул проблеманын ар түрдүү аспектилерин чагылдырган докладдарды жана презентацияларды сунуштады.

Эл аралык конференция балдардын укуктарын коргоо жаатында КМШ мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болуп калды. Конференциядан кийин талкуулардын жыйынтыктары жана сунуштар региондогу балдардын жакшы жашоосун камсыз кылуу боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттер үчүн негиз болот.

Пикир

Оставить комментарий