• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте курулуш материалдары сатылган жайдан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Бишкекте курулуш материалдары сатылган жайда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ал маалымат боюнча, Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан эшик жана курулуш материалы сатылуучу контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 21:31де жалпы 3 күжүрмөн эсеп, жана 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылган.

Тилсиз жоо саат саат 23:30га жакын өчүрүлгөн.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий