• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто өз атасын өлтүрүүгө шектелип 26 жаштагы жигит кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Ошто өз атасын өлтүрүүгө шектелип 26 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда, окуя 1-апрелде болжол менен саа 10:20лар чамасында болгон. Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын тургуну атасы менен чырдаша кетип, бычак менен эки ирет сайып жиберген. Натыйжада 56 жаштаг киши окуя болгон жерде каза болгон. Шектүү милицияга өзү кабар берген.

"Шектүү Ош шаарында убактылуу жашап жүргөн. Окуя болгон күнү атасы Папан айыл аймагынан Оштун Алымбеков көчөсүндөгү уулунун үйүнө келген. Шектүүнүн алгачкы көрсөтмөсүнө ылайык, экөө тең мас болгон", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча соттук-биологиялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголду.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Шаадык милициядан кошумчалашкандай, шектүү мурда эки жолу соттолгон. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий