• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарында кенде иштеген жаран унаасы менен сууга түшүп кеткен. Куткаруу иштери жүрүүдө

Кырсык 0


Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Нарында алтын кенде иштеген жаран унаасы менен сууга түшүп кеткен.

ӨКМден билдиришкендей, 5-апрелде саат 16:40да “102” кызматынан Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда алтын кен комбинаттын 31 жаштагы Ж.А. аттуу жумушчусу жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Дароо куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жерине төрт куткаруучу жөнөтүлгөн. Ошондой эле 6-апрелде таңкы саат 6:00дө суучул-куткаруучу жана беш кызматкер жөнөтүлдү.

Жүргүзүлүп жаткан издөө-куткаруу иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий