• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Кулубаев: Сербиянын делегациясынын сапары кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат

Саясат 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Сербиянын делегациясынын Кыргызстанга жогорку деңгээлдеги сапары эки тараптуу кызматташуунун жаңы перспективаларын жана мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сербиянын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачич менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Сербия эки чакан жана тоолуу өлкө катары кызматташтыкты арттырышы керек.

“Сербиянын делегациясынын мындай жогорку деңгээлдеги сапары эки тараптуу кызматташуунун жаңы перспективаларын жана мүмкүнчүлүктөрүн ачат деп ишенем. Мындан тышкары, сапар – бардык маселелерди ишенимдүү түрдө талкуулай турган жана мындан аркы өз ара аракеттенүү векторун аныктай турган аянтчага айланат”, - деди ал.

Өз кезегинде Дачич кыргыз тарапка кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, Сербия тарап экономика тармагында кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Эскерте кетсек, Сербиянын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачич кечээ, 5-апрелде расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген.

Сербиянын тышкы иштер министринин иш сапарынын алкагында өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен кыргыз-серб кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулоо үчүн бир катар жолугушуулар пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий