• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда инвестициялык кодекс жана инвестициялык тизерлер иштелип чыгууда

Экономика 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи Инвестициялык кодекс жана мыйзамдарга жана башка кодекстерге көптөгөн түзөтүүлөрдү киргизүү иштелип чыгууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев билдирди.

Ал маалымдагандай, бул документ Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртат, ошондой эле инвесторлор үчүн дем берүүчү механизмдерди жана жеңилдиктерди, так кепилдиктерди камсыз кылат. Аны менен катар потенциалдуу инвесторлор үчүн 50 долбоорго кошумча инвестициялык тизерлер иштелип чыгууда.

Темиралиевдин айтуусуна караганда, Инвестициялык кодекс инвестордун жана мамлекеттин укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

"Инвестициялык кодекс инвестордун жана мамлекеттин укуктарын жана милдеттерин аныктайт. Инвестициялоочу тарап ар кандай себептерден улам кээбирде долбоорду токтотууга мажбур болот. Мындай учурда кырдаалдан кантип чыгууга болот?", - деп түшүндүрдү ал.

Андагы маанилүү учурлардын бири талаш-тартыштарды эл аралык арбитражга жеткирбөөгө мүмкүндүк берген инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүнүн жол-жоболору жана эрежелери (ал тараптар үчүн кымбатка турат) болуп саналат.

Ал ошондой эле бул документ дагы эмнелерди аныктай тургандыгын билдирди:

1. инвестор ким, инвестициялык долбоор, инвестициялык процесс жана бүтүмдүн түзүмү, инвестициялардын объекттери, инвесторлордун категориялары жана инвестор түшүнүгүнө талаптар;

2. мамлекет тарабынан кепилдиктердин жана дем берүүчү чаралардын так тизмесин аныктайт: жер жана суу маселелери, инфратүзүмдүк кошуулар, салык жана бажы жеңилдиктери ж. б,;

3. инвестициялык инструметтерди аныктайт: өнүккөн өлкөлөрдө долбоорду каржылоо түрүндөгү меззаниндик, гибриддик каржылоо инструменттери көптөн бери колдонулуп келет, ошондой эле инвестордун транзакциядан чыгуусу боюнча өздөштурүлгөн бүтүм түзүмдөрү колдонулат;

4. инвестициялык долбоорлорду демилгелөө, инвесторлорго карата талаптар жана акча каражаттарын салуу процесси, инвестициялык долбоорлорго баа берүү жана конкурс, инвестициялык макулдашууга карата так талаптар ж. б,;

5. инвесторлор үчүн кепилдиктердин жана дем берүүчү механизмдердин турукташтыруу режимин аныктайт.

"Биз башка ченемдик укуктук актыларга көптөгөн өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек, албетте бул демилге татаал болот. Бирок мен туура иштелип чыккан Кодекс КРдагы түз инвестицияларды көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем, анткени инвесторлордун Кыргызстанга салган салымдарынын юридикалык жактан корголушу жөнүндө жана женилдик механизмдери боюнча маселе чечилет", - деди ал.

Ошондой эле ал салым кошкусу келген ишкерлерди сунуш-пикир айтууга жана талкууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий