• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чүйдө сарайдан өрт чыгып, эки бодо мал, 500 тоок жана боз үй күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Озерный айылындагы сарайдын биринен өрт чыккан. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт кечээ, 5-мартта болжол менен таңкы саат 04:47де катталган.

Тилсиз жоонун кесепетинен сарайдын 500 чарчы метр чатыры, 2500 түк чөп, эки бодо мал, 500 тоок, боз үй жана 8 даана өндүрүштүк аппараттар күйүп кеткен.

Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, саат 08:58де чектөөгө алынып, өрт саат 11:14тө толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий