• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Аламүдүндө мал фермадан өрт чыгып, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Аламүдүндө мал фермадан өрт чыгып, өрт өчүрүүчү жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Лебединовка айылында жайгашкан мал ферманын жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 150 чарчы метр болгон бастырма жана 50 түк чөп күйгөн. Өрт өчүрүп жаткан учурда өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 өрт өчүрүүчү жабыркап, Чүй облустук ооруканасынажаткырылган. Абалы жакшы.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эскерте кетсек, дем алышта өлкө аймагында 28 өрт кырсыгы катталган. Алсак, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 13, Жалал-Абад облусунда 7, Ош облусунда 4, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 33 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Пикир

Оставить комментарий