• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ӨКМ: Өрт былтыркыга караганда 22,4% аз катталды

Кырсык 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда өрт былтыркыга караганда быйыл 22,4% аз катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын үч ай ичинде өлкө боюнча 629 өрт катталган болсо, былтыр ушул мезгилде 188 тилсиз жоо катталган.

Быйыл өрттүн кесепетинен 7 адам каза тапкан болсо, былтыр 20 адам көз жумган.

"Өрттөн 9 адам жабыркаган (2019-жылы 20 адам), андан тышкары, 17 адам куткарылган (былтыр 26 адам)", - деп кошумчалашты ӨКМден.

Өрттөрдүн негизги себептери, отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан, электр жабдууларын жана мештерди, морлорду этиятсыздык менен колдонуудан, балдардын от менен ойноосунан келип чыккан.

Быйыл үч айдын ичинде катталган өрттүн басымдуу бөлүмү Чүй облусунда (178), Бишкек шаарында (110), Жалал-Абад областында (81), Ош облусунда (85), Ысык-Көл областында (71), Ош шаарында (16) катталган.

Пикир

Оставить комментарий