Бишкекте куткаруучулар 2 жашар наристенин өмүрүн сактап калды

Коом 0

Бишкек, 17.12.22. /Кабар/. Бишкекте куткаруучулар 2 жашар наристенин өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-декбарда саат 18:00дөр чамасында Бишкектин Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде нөөмөттөн кайтып келе жаткан куткаруу кызматынын унаасы жолдон өтүү кезегин күтүп, токтоп турган маалда келин баласы тилин жутуп, эс учун жоготкондугун айтып, жардам сурап кайрылган.

Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 3 куткаруучусу барып, 2 жашар А.Ч. аттуу баланын тилин чыгарып, жасалма дем алдыруу жолу менен дем алышын калыбына келтиришкен.

Андан соң, куткаруучулар наристени №3 шаардык балдар ооруканасына жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий