Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Бишкекте куткаруучулар керебетке башы кыпчылып калган балага жардам беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жал кичи районунун №86 турак үйдө 2018-жылы туулган Б.А. аттуу кичине бала керебеттин астына кирип, башы кыпчылып калган.
Тартылган куткаруучулар баланы чыгарып, ата-энесине өткөрүп беришкен. 5 куткаруучу тартылган.
Пикир
Оставить комментарий