Бишкекте кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелер талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкек шаарында өткөн 6-жылдык эки тараптуу консультациялардын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну улантуу, соода-экономикалык мамилелерди жана банктар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү, аймактык жана диалогдук "C5+1" жана аянтчанын алкагында кызматташууну жана климаттын өзгөрүшү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий