• 86.8
  • 91.76
  • 0.8

Бишкекте кыргыз-беларусь тышкы иштер министрликтеринин саясий консультациялары өттү

Саясат 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаевдин жана Беларустун тышкы иштер министринин орун басары Игорь Назаруктун төрагалыктары астында кыргыз-беларусь тышкы иштер министрликтери аралык саясий консультациялар болуп өттү.

Консультациялардын жүрүшүндө эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Кыргызстан ЖККУга 2025-жылы боло турган төрагалыгынын алкагында өз ара координация жүргүзүүнү жана чогу аракеттенүүнү чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги менен Беларусь Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий