Бишкекте кыргыз-италия ТИМдер аралык кезектеги консультациялар өттү

Саясат 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде кезектеги кыргыз-италия ТИМдер аралык консультациялар өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда кыргыз тарапты тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, ал эми италия тарапты Италиянын тышкы иштер министринин орун басары - парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Эдмондо Чириелли жетектеген.

Саясий консультациялардын жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланган, атап айтканда, жогорку деңгээлде сапарларды уюштуруу жолу менен саясий диалогду кеңейтүү, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле БУУ жана ЕБ алкагында кызматташууну өнүктүрүү.

Жолугушууда Кыргызстандын энергетика, туризм жана жеңил өнөр жай тармагындагы экономикалык жана инвестициялык потенциалына өзгөчө көңүл бурулуп, ошондой эле Борбордук Азия аймагында Чыгыш менен Батышты байланыштырган перспективдүү транспорттук-логистикалык маршруттардын маселелери караллды.

Мындан сырткары, тараптар аймактык кызматташтыкты, консулдук чөйрөнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Күн тартибинин жыйынтыктоочу пункту катары тараптар эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий