• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кубанычбек Өмүралиев менен БУУ ЕЭКтин аткаруучу катчысы кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 21.05.23./Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен Бириккен Улуттар Уюмунун Европа Экономикалык Комиссиясынын (БУУ ЕЭК) аткаруучу катчысы Ольга Алгаерова өp ара кызматташтыкты куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди талкуулашты.

ТМУдан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 17-майда Женевада өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өмүралиев менен Алгаерова соода, транспорт, энергетика, айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү сыяктуу эки тарапты тең кызыктырган түрдүү тармактардагы кызматташыкты жемиштүү талкуулашты.

Тараптар биргелешкен демилгелерди эффективдүү илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, түрк аймагына пайда алып келе турган жана аймактык интеграцияга көмөктөшүүчү биргелешкен долбоорлордун жана программалардын потенциалы тууралуу көз караштарын билдиришти.

Тараптар мындай биргелешкен аракеттер Бириккен Улуттар Уюмунун жана БУУ ЕЭКтин кеңири максаттарын алдыга жылдыруу менен бирге түрк мамлекеттеринин жаркын келечегин курууга салым кошорун белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий