• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкекте кыргыз-корея өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү

Экономика 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте экономикалык кызматташтык боюнча Кыргызстан менен Кореянын өкмөттөр аралык комиссиясынын 6-жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Экономика министри Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы астында өткөн жыйында кореялык делегацияны Кореянын тышкы иштер министринин экономикалык маселелер боюнча орун басары Ким Хи Санг жетектеди.

Жыйындын жүрүшүндө Данияр Амангелдиев Корея Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин билдирди. Ал эки өлкө ортосундагы достук жана ишеним мамилелеринин маанилүүлүгүн, ошондой эле энергетика, санариптештирүү, айыл чарба жана токой чарбасы, саламаттыкты сактоо, жер ресурстары, мамлекеттик башкаруу, маданият жана башка маанилүү экономикалык тармактарда ийгиликтүү кызматташууну баса белгиледи.

"Бүгүнкү күндө биз эки өлкөнүн экономикасын жаңылоонун жана өзгөртүүнүн жолунда турабыз, алар экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын, инфраструктураны өнүктүрүүнүн, интеграциянын, инновацияларды жана санариптик технологияларды жайылтуунун, ошондой эле биздин кызматташтык үчүн жаңы өсүү багыттарын издөөнүн артыкчылыктарынын үстүндө биргелешип иштөө үчүн жагымдуу шарттарды түзөт", - деди Амангелдиев өз сөзүндө.

Ошондой эле жыйындын аокагында эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүү, логистикалык кампа бөлүштүрүү борборлорун куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, илимий-технологиялык, билим берүү, технологиялык борборлорду жана технопарктарды, ошондой эле Кыргызстандагы финансы-өнөр жай кластерлеринин уюштуруу маселелери талкууланды.

Министр Кореянын алдыңкы тажрыйбасына таянуу менен өзгөчө санариптештирүү жана инновациялар чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Мамилелерди андан ары өнүктүрүү, анын ичинде инвестициялык, инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, ишкер байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү, энергетика, өнөр жай, геологиялык чалгындоо, инновациялар, туризм, айыл чарба тармактарында кызматташуу чоң кызыгууну жаратат.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө санариптештирүү, авиация, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында тараптардын кызматташуусунун перспективалары белгиленди.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча тараптар активдүү кызматташууну улантууну макулдашып, президент Садыр Жапаровдун Кореяга боло турган сапарына сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий