• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Ишкерлик субъекттерди каржылоо”. “Айыл Банк” башчысынын орун басары насыя кандай шартта берилерин айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында “Айыл Банк” ААКсынын төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев өкмөттүн “Ишкерлик субъекттерди каржылоо” программасы боюнча бериле турган насыянын шарттары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, алар башка коммерциялык банктар менен бирге өкмөттүн “Ишкерлик субъекттерди каржылоо” программасына катышат.

“Учурда каражатты алуу боюнча тиешелүү министрлик менен иш жүргүзүлүп жатат. Келишимдерге кол коюп, каражатты алгандан кийин биз каржылоону баштайбыз. Кардарлар насыяга муктаж болсо, биздин аймактагы өкүлчүлүктөргө, биздин филиалдарга кайрылып, маалымат алса болот. Эгер сиз ала турган насыянын максаты биздин бере турган насыянын, программанын шарттарына туура келсе документтерди даярдап, арыздарды калтырууга болот. Биз каражатты алгандан кийин каржылоону баштайбыз. Ал башка насыяларга караганда жеңилдетилген насыя болуп эсептелет”, - деди ал.

Ал билдиргендей жеңлдетилген насыя туризм, жеңил өнөр жайы, фармацевтикалык өнөр жай, жүк ташууларга, өндүрүштүк жана кайра иштетүү ишканаларына, өнөр жай (тоо-кен өндүрүшүнөн тышкары) тармактарына жана электрондук эсеп-фактураларды киргизгендерге берилет.

“Насыя негизги каражаттарга жана жүгүртүлүүчү капитал үчүн берилет. Негизги каражаттарды сатып алууга 60 айга чейин 6% менен 30 млн сомго чейин берилет. Анда 1,5 жылга чейин жеңилдик мезгили каралган. Жүгүртүлүүчү капитал (чийки заттарга) үчүн 3 жылга дейре 20 млн сомго чейин берилет. Анын жылдык пайызы 10%ды түзөт. 6 айлык жеңилдик мезгили берилет. Санаиптештирүү жүргүзүп, салык кызматтары менен онлайн (электрондук эсеп-фактура) иш жүргүзгөндөргө 4%дан насыя сунуштап жатабыз. Бул боюнча маалыматты жергиликтүү адистерден алууга болот. Ошондой эле 20 млн сомго чейин 3 жылга өнөр жай, кайра иштетүү ишканаларын 11% менен каржылоо маселеси каралды. Жеңилдик мезгили – 12 ай. Андан тышкары күрөөсүз чакан насыя берүү каралды. Ал 14% менен 1 жылга чейин берилет. Жеңилдик мезгили – 3 ай. Аны бардык кардарлар келип ала алышат. Насыя максатсыз пайдаланылса анын пайызы алган күндөн баштап жеңилдетилген чен эмес 30%дан эсептелет. Ошон үчүн мындай чара бар экенин эске алып коюңуздар”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий