• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Бишкекте кыргыз-кытай достугун даңазалаган иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 31.08.24. /Кабар/. Бишкекте кытайлык кыргыздар негиздеген "ЭТНОСТАН" маданий борборунун демилгеси менен "Миң жылдар мурастаган кыргыз- кытай достугу" аталышындагы иш-чара өттү.

Саамалык Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, кыргыз-кытай достугуна, Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына, Шинжаңдагы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун 70 жылдыгына карата уюштурулган.

Аталган иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана башка мамлекеттик жана коомдук ишмерлер чакырылган.

Иш-чараны оболу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов менен Кытай элчиси Ду Дэвэнь ачып, жыйынга катышып жаткандарды удаалаш келген кош майрамдар менен куттукташты. Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы гуманитардык, инвестициялык жана маданий багыттагы кызматташтыктардын жыл сайын өнүгүп жаткандыгын баса белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө атайын даярдалган роликтер көрсөтүлүп, Манас айтылып, акындар төгүп, күү чертилип, баяндама жасалып, эки өлкөнүн майрамдарына жана достукка арналган кыргыз-кытай тилиндеги белгилүү чыгармалар жаңырды.

Атай кетсек, "Этностан" маданий борбору 2021-жылы кытайлык кыргыз Каныбек Толкун уулунун демилгеси менен негизделген. Бирикменин максаты маданий-гуманитардык байланыштарга көпүрө болуу. Этникалык кыргыздарды колдоо, маданиятын таанытуу жана жайылтуу саналат.

Пикир

Оставить комментарий