Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрда, Бишкектеги “Ала-Тоо” борбордук аянтында Кыргызстандын президенти - Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси белгиленди.
Иш-чара 1924-2024-жылдар аралыгында ата мекендик милициянын калыптануу жолун чагылдырган даректүү тасма жана театралдаштырылган ретро-оюн көрсөтүү менен башталды.
Салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө орун алып жаткан өзгөрүүлөр менен жаңы чакырыктар мындан да бекем, мындан да ыкчам аракеттерди талап кылаарын баса белгиледи. Ушундан улам, Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде акыркы төрт жылда элибизге ак кызматын өтөп, калкыбыздын сыймыгы болуп, коопсуздукту сактаган Кыргыз милициясына керектүү шарттар түзүлүп келе жатат.
Иш-чаранын аягында Кыргыз милициясынын салтын жана күчүн даңазалаган ички иштер органдарынын бардык бөлүктөрүнүн саптык расчетторунун, техникасынын парады өттү.
Пикир
Оставить комментарий