• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте Кыргыз ССРинин эл артисти Петр Шубиндин 130 жылдыгы белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, дирижер Петр Шубиндин 130 жана П. Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин 85 жылдыгы салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Салтанаттуу иш-чаралар 22-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт. Башталышы саат 14:00.

Кош мааракелик иш-чарада музыкалык мектептин юбилейине арналган тасма көрсөтүлүп, мектептин тарбиялананучулары кыргыз жана дүйнөлүк композиторлордун чыгармаларын аткарышат.

Пикир

Оставить комментарий