• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Энергетиктер Бишкектин Горький көчөсүндөгү көмөк чордонду оңдоодон өткөрүүдө

Коом 0


Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүлүүдө, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн Бишкек электр тармактар ишканасынын Батыш РЭТтин кызматкерлери Бишкектин Горький көчөсүндөгү №207 көмөк чордонунда капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Эскилиги жеткен жабдыктарды жаӊысына алмаштырууда. Ошондой эле көмөк чордондогу жараксыз изоляторлорун алмаштырып, майын толуктап, сырдоо иштерин жүргүзүүдө.

Айта кетсек, аткарылып жаткан оӊдоп-түзөө иштери керектөөчүлөрдүн электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий