• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте жергиликтүү тургунду опузалаган УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жергиликтүү тургундан опузалап акча алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылып жаткан 1990-жылы туулган С.А. аттуу жаранды кармашты. Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.

Кылмышкер 16-мартта Бишкек шаарында ыкчам-издөө иш-чаралары учурунда кармалган. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренесинде каралган кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө болгон.

Тергөөнүн маалыматы боюнча окуя төмөндөгүдөй болгон: 33 жаштагы С.А. 2024-жылдын январь айынан бери Бишкек шаарынын тургунунан акча талап кылган. Ал жабырлануучунун карызы жөнүндө билип алып, үйүнө келип, физикалык кысым көрсөтүп, карызды эскертип, коркутуп акча талап кылып баштаган. Ошентип опузалап жатып 65 миң сом акча каражатын алган. Бирок опузалап акча алууну токтотпой дагы 100 миң сом өлчөмүндөгү акча талап кылып, 30 миң сом акчаны алып жатканда кармалган. Ал 30 миң сом алуу үчүн тааныш адамын жиберип, окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий