• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

КР жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы боюнча мурдагы чиновник кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Түркиянын жарандарына Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысын иликтөө иши уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык ИИББнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө А.Э. аттуу жаран Түркиянын жарандарына Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз бергендиги үчүн кармалган, ал мурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматын ээлеп келген.

Кармалган А.Э КРнын Жазык-процесстик кодексинин 98 жана 99-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмышка тиешеси бар жарандардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Эскерте кетсек, мындан мурда Кыргызстанда издөөгө алынган теги түркиялык Орхан Инанды Түркияда табылып, ал кош жарандык алып жүргөнү аныкталган. Кийин милиция 2016-жылы Түркиянын 10 жаранына КРнын жарандыгы мыйзамсыз берилгени боюнча ишти иликтей баштаган. Анын алкагында КРнын мурдагы чиновниги кармалган.

Пикир

Оставить комментарий