• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Индияга жарым килограмм алтын алып кетүүгө аракет кылган КР жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.02.19. /Кабар/. Эл аралык “Манас” аэропортунда Кыргызстандан Индияга жарым килограмм алтынды мыйзамсыз чыгарууга аракет жасаган айым кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10-февраль күнү мамлекеттик бажы кызматкерлери Улуттук коопсуздук кызматкерлери менен биргеликте “Манас” эл аралык аэропортунун учуу залынан Бишкек-Дели багыты боюнча рейси менен уча турган А.Б. аттуу КРнын жаранын текшерип кароо учурунда сары металлдан жасалган зер буюмдар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 471,90 граммды түзгөн.

Аталган мыйзам бузуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып чыгуу жана ташып кирүү фактыларын табууга жана аларга бөгөт коюу боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында аныкталган.

Бул иш Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоо үчүн Транспорттук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий