• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Манас" аэропортунун алдындагы унаа токтотуучу жайды иштеткен ишкана эскертүү алды

Коом 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги "Компания Манас Менеджмент" жабык акционердик коомуна монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү берди. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-июлунда жалпыга маалымдоо каражаттарында 2021-жылдын 20-июлунан тартып, "Манас" аэропортунун бекетинде токтоочу жайда 15 мүнөт бекер тургандыгы жокко чыгарылат деген маалымат пайда болгон.

Мамлекеттик агенттик бул маселени изилдөөнүн жүрүшүндө, "Компания Манас Менеджмент" ЖАКтын пландаштырылган иш-аракетинде, рынокто үстөмдүк абалынан кыянаттык менен пайдалануунун белгилери бар экендигин аныктады.

Ушуга байланыштуу, КР "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамынын 18-1-беренесинин негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги "Компания Манас Менеджмент" ЖАКка Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууларга алып келиши мүмкүн болгон аракеттердин жол берилбестиги жөнүндө эскертүү берди.

Пикир

Оставить комментарий