Бишкекте кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт

Экономика 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-венгер биргелешкен комиссиясынын 3-жыйыны өтөт. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара КР экономика министри Данияр Амангелдиев менен Венгриянын тышкы иштер жана соода министрлигинин эки тараптуу мамилелер боюнча мамлекеттик катчысы Тамаш Менцердин төрагалыгы алдында өтөт.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, макулдашууларды ишке ашырууну, ошондой эле артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүү перспективаларын талкуулашат.

Кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-жыйынынын жыйынтыгы боюнча тараптар соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, туризм, экология, фармацевтика, энергетика, билим берүү жана башка тармактарда кызматташууну камтыганпротоколго кол коюшат.

Визиттин алкагында Венгрия делегациясынын башчысы Т.Менцер мырза менен КР экономика министри Данияр Амангелдиев жана КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басарынын ортосунда эки тараптуу жолугушуулар уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий