• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бакай-Ата конушунда үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бишкектин Бакай-Ата конушунда үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, амбулаториянын жалпы аянты 363 чарчы метрди түзөт. Борбор керектүү заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган.

Медициналык мекеме калкка алгачкы жардам көрсөтүүгө жана оорулардын алдын алууга багытталган, оорулардын себебин өз убагында аныктоого мүмкүндүк берет.

Иштер капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу Катар кайрымдуулук фонду менен биргеликте каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий