• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына арналган медиа форум өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 22.11.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Бүгүн Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына арналган медиа форум өтүүдө.

Медиа форумга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жана журналистиканын бардык тармактарынын өкүлдөрү катышууда.

Форум “Эркин Тоо” гезитинин түптөлүшүн чагылдырган видеоролик менен башталып, иш-чаранын алкагында “Кыргыз журналистикасынын тарыхына сереп салуу” аттуу сүрөт көргөзмөсү тартууланды.

Иш-чара "Кыргыз журналистикасына 100 жыл: тарых, жетишкендиктер жана кыйынчылыктар", "Ааламдашуу шартындагы журналистика: адаптация жана инновация" аттуу жыйындарын камтыйт.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында "Кыргыз басма сөзүнүн тарыхы - "Эркин-Тоо" гезити", "Эркин Тоо" гезитинин тарыхы" китептеринин бет ачары өттү.

Пикир

Оставить комментарий