• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Беларуста Кыргызстандын Маданият күндөрүн өткөрүү маселеси талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун маданият министри Анатолий Маркевич менен жолугушту .

Элчиликтен кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү, Беларуста Кыргызстандын Маданият күндөрүн өткөрүү, маданият, искусство, музейлер жана китепканалар тармагында кадрларды даярдоо үчүн Беларустун окуу жайларында кыргыз жарандарын окутуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Тараптар чыгармачылык топторго, эстрада аткаруучуларына, кинорежиссерлорго жана артисттерге Кыргызстанда жана Беларуста өтүүчү эл аралык иш-чараларга катышууга көмөк көрсөтүү ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий