• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын жашылча-жемиш, текстиль, алкоголдук продукцияларын Беларусь рыногуна чыгаруу сунушталды

Экономика 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министри Алексей Богданов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Элчиликтен билдиришкендей, тараптар акыркы жылдарда Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүн, ошондой эле экспорттук-импорттук операциялардын товардык ассортиментин өз ара пайдалуу негизде кеңейтүүнү жана эки өлкөнүн ишкердик байланыштарын өнүктүрүүнү канааттануу менен белгилешти.

Жолугушууда Эрбол Султанбаев Кыргызстандын жашылча-жемиштерин, текстиль жана алкоголдук продукцияларын Беларустун рыногуна, анын ичинде ири соода түйүндөрүнө жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Ушуга байланыштуу элчи беларус тарапка кыргызстандык продукциялар тууралуу маалымат жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн байланыш маалыматтарын берди.

Тараптар эки тараптуу байланыштарды түзүүдө жана өз ара жеткирүүлөрдү уюштурууда продукцияны өндүрүүчүлөргө жана жеткирүүчүлөргө көмөк көрсөтүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий