• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте Кыргызстан менен Хорватиянын ишкерлери жолукту

Экономика 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен Хорватиянын ишкерлери кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулады. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай падатасынан билдиришти.

Жолугушууга КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Хорватиянын тышкы иштер жана европалык иштер министри Гордан Грлич-Радман, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлери катышты.

КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси өз сөзүндө өлкөлөр ортосундагы биргелешкен иштердин олуттуу потенциалын баса белгилеп, жолугушуунун алкагында конкреттүү долбоорлорду талкуулоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусу жана ачык соода саясаты менен Борбордук Азиянын рынокторуна чыгууну көздөгөн хорватиялык компанияларды кызыктырат. Өз кезегинде Хорватия Евробиримдиктин мүчөсү катары кыргыз өндүрүүчүлөрү үчүн европалык рынокко жол ачат", - деди Сариев.

Хорватиянын тышкы иштер жана европалык иштер министри Гордан Грлич-Радман белгилегендей, ВСП+ макамын эске алуу менен хорват тарап эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатуу максатында логистика тармагындагы иштерди күчөтүүгө даяр.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Хорватиянын Соода-өнөр жай палатасы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюуга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий