• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Экономика министри Амангелдиев: Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө Россиянын үлүшү 31,6%ды түзөт

Экономика 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана соода көлөмү боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу кыргыз-орус региондор ​​аралык тогузунчу конференциясынын пленардык жыйынында Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан Россиянын 81 субъекти менен бекем байланышта иштешип келе жатат. 40тан ашык келишимге кол коюлуп, анын ичинде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча макулдашуулар бар. 10дон ашык эки тараптуу боордоштук байланыштар түзүлгөн. Бүгүн кыргыз-орус региондор ​​аралык тогузунчу конференциянын алкагында дагы бир катар келишимдерге кол коюу пландалууда.

Дүйнөлүк экономикада түзүлгөн кырдаалга карабастан, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара соода-сатык катышы жыл сайын өсүүдө. Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө Россиянын үлүшү 2021-жылы 31,6%, анын ичинде экспортто - 24,9% жана импортто - 33,6% түзгөн», - деди министр.

Конференцияда региондор аралык конференция Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын, ошондой эле бизнес жана илимий чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жолго коюу жана өнүктүрүү үчүн эң сонун аянтча экени белгиленди.

Экономикалык мамилелерди чыңдоого соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясы, региондор аралык кыргыз-орус конференциясы, бизнес жолугушуулар, туруктуу негизде өтүүчү миссиялар, инвестициялык форумдар сыяктуу натыйжалуу механизмдерди колдонуу менен кызматташуунун бардык деңгээлдеринде тез-тез жолугушуулар жана конструктивдүү сүйлөшүүлөр өбөлгө түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий