• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош жана Стамбулдун мэрлери шаарлар ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Ош жана Стамбул шаарларынын мэри Алмаз Мамбетов менен Экрем Имамоглу жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен өткөрүлгөн.

Калаа башчылары Ош жана Стамбул шаарларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын башкы консулу Лира Сыдыкова катышкан.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки шаардын мэрияларынын өз ара аракеттенүү маселелерин, анын ичинде кызматташуунун мындан аркы келечегин талкуулашты. Ош шаарынын мэри Мамбетов кесиптешине Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча акыркы чаралар тууралуу маалымат берип, 2022-жылы Ош менен Стамбул шаарларынын бир тууган шаар мамилелеринин түзүлгөнүнө 25 жыл толорун белгиледи. Буга байланыштуу ал бир тууган шаарлардын ортосундагы өз ара пайдалуу байланыштарды мындан ары да арттырууга бекем ниетин билдирип, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Стамбул шаарынын мэри Имамоглу мындан аркы биргелешкен иштерге даяр экендигин билдирип, муниципалитеттин түрк тилдүү мамлекеттердин шаарлары менен эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүштү. Ал ошондой эле А.Мамбетовдун Ош жана Стамбул шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо ниетин толугу менен кубаттады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Оштун мэри эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү максатында Стамбул шаарынын мэри Имамоглуну Ош шаарына расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий