• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте Кыргызстан менен Кореянын билим берүү тармагында тажрыйба алмашуусу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 09.09.24. /Кабар/. Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кореянын делегациясы келди.

Окуу жайдан билдиришкендей, делегациянын курамын Кёңсаңбукто провинциясынын губернатору Ли Чоль У, Кореянын белгилүү университеттеринин жетекчилери, "ТэкёнгИльбо" Корея билим берүү борборунун директору, YTN телеканалынын жана "Мail" гезитинин кабарчылары толуктады.

Иш-чарага Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ, Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Түштүк Кореянын Кёнсанбукто провинциясынын парламентинин депутаттары, ошондой эле Кыргызстандын бир катар университеттеринин жетекчилери катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Түштүк Кореянын делегациясы менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү жана билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, илимий кызматташтыкты өркүндөтүү маселелери каралды.

Иш-чарада Кёңсаңбукто провинциясынын губернатору Ли Чоль У кыргызстандык студенттерге чет элдик студенттер үчүн сунушталган окуу программалары тууралуу маалымат берип, дарс окуду.

Ошол эле маалда жарманке да өткөрүлүп, катышуучулар билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, шарттары жана стипендиялар тууралуу кеңири маалымат алышып, студенттер үчүн оюн-зоок программалары уюштурулду.

Соңунда Ли Чоль У Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине 2 дрон белекке тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий