Бишкекасфальтсервис: Жол инфраструктурасын өнүктүрүү зарыл

Коом 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. "Бишкасфальтсервис" муниципалдык ишканасы кадимки режимде иштеп жатат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыл башынан бери Дэн Сяопин жана Мессарош көчөлөрүнүн кесилишине темир тосмолор орнотулду.

Өндүрүш планына жана шаардыктардын арыздарына ылайык, 26 жол белгиси орнотулуп, 3 белги алынды, 2 белги кайрадан орнотулду, 10 белги оңдолду.

Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн ортосундагы Панфилов көчөсүнүн ачылышына байланыштуу темир тосмолордун пайдубалын демонтаждоо иштери башталды. Бул бөлүмдө биздин кызматкерлер жолдун чектерин белгилешкен.

Жол инфраструктурасын өнүктүрүү иштери улантылууда.

«Кайрылууларды (фото жана видео) WhatsApp: 0558 888358 номерине жөнөтсөңүз болот», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий