• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте Кыргызстан - Өзбекстан футбол беттеши өтүүдө. Эсеп 2:2

Спорт 0

Бишкек, 10.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан - Өзбекстан футбол курама командаларынын беттеши өтүүдө.

1-тайм тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Учурда оюн эсеби 2:2.

Белгилей кетсек, 2026-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоонун 2-турунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы биринчи жолу 3-раундга чыгып, ошондой эле 2027-жылкы Азия кубогунун финалдык этабына катышууну камсыздаган.

Бул раундда 18 курама команда 6 командадан 3 тайпага бөлүнгөн.

Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы менен ар бир тайпадан эки мыкты команда дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат.

Үчүнчү жана төртүнчү орундарды ээлеген командалар төртүнчү раундга өтүшөт, анда дагы жеңүүчү боло турган эки команда аныкталат.

Кыргызстандын курамасы "А" тобундагы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстан менен таймаш өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий