• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мээрим тактиканы туура койгондуктан чоң ийгиликке жеттик — улук машыктыруучу Кенжебаев

Спорт 0


Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Мээрим Жуманазарова тактиканы туура койгондуктан чоң ийгиликке жеттик, - деп билдирди улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев.

Ал Токиодон олмпиадалык делегациянын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешовго спортчулардын багындырган ийгиликтери тууралуу комментарий берип жатып, Жуманазарова машыктыруучулары койгон талаптарды 100 пайызга так аткаргандыгын айтты.

"Мээрим тактиканы туура койгондуктан биз чоң ийгиликке жетиштик. Бул эгемендүүлүккө жеткенден берки чоң жетишкендик. Эртең Айсулуу Тыныбекова күрөшөт, баарыбыз жакшы ниет кылып туралы", - деди ал.

Кенжебаев Акжол Махмудов өзүнүн салмактык категориясында мыкты күрөшкөн балбан катары көрсөтө алгандыгын айтты.

"Акжол Махмудов бүгүнкү Олимпиаданын тарыхында калды. Бүгүнкү беттеште бир упайга тажрыйба үстөмдүк кылып кетти. Баары алдыда, алга Кыргызстан", - деп сөзүн жыйынтыктады Кенжебаев.

Пикир

Оставить комментарий