• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Месси өзүнүн карьерасындагы эң мыкты голун айтып берди – видео

Спорт 0


Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси өзүнүн карьерасындагы эң мыкты голун айтып берди. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы жазып чыкты.

"Эң мыкты голду Чемпиондор лигасынын финалында "Барселона" клубу менен "Манчестер Юнайтед" командалары ойноп жатканда башым менен киргизген", - дейт Месси.

Чемпиондор лигасынын 2008-2009-жылкы сезонунда испаниялык клуб менен "МЮ" командасы беттешкен. Рим калаасында өткөн оюнда 2:0 эсебинде Барса жеңишке жеткен. Анда Месси оюндун 70-мүнөтүндө топту башы менен сүзүп киргизген.

Белгилей кетсек, бул жылкы сезондо аргентиналык оюнчу 3 беттеш өткөрүп, 1 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий