Бишкекте Кыргызстанда эл аралык интернет-хаб түзүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. Паезиденттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков “Таза коом” санариптик трансформация программасы жана туруктуу өнүктүрүү глобалдык максаттары” Эл аралык жогорку деңгээлдеги форумдун ишине катышууга келген Бүткүл дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Вернер Грубер менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

С.Исаков Бүткүл дүйнөлү банкка “Таза коом” долбооруна көрсөткөн колдоосу жана Digital CASA долбоорун ишке ашыруунун алкагындагы каржылык колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк банктын аймактык директору Вернер Гурбер “Таза коом” долбоорун колдоого аталган банк кызыкдар экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Digital CASA долбооруна 50 млн АКШ долларынын бөлүнүшү, Борбор Азияда колдонуу үчүн КРда эл аралык интернет-хабды түзүү, тыгыз өз ара кызматташуу, жеке ишкерликти тартуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, тараптар “Таза коом” долбоорунун жол картасын түзүү, таасирдүү команданы топтоо, эл аралык эксперттерди түзүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий