Бишкекте Кыргызстандын маалыматтык технологиялар форуму башталды

Санарип Кыргызстан 0


Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Бишкекте жыл сайын өтүүчү Кыргызстандын маалыматтык технологиялар-2024 форуму башталды. Ал өлкөдөгү IT жана санарип инновациялар жаатындагы чоң иш-чара болуп саналат.

Форумду министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачты.

Ал өз сөзүндө форумдун аркасында Кыргызстанга эксперттер жана келечекти түзүп, технологиянын өнүгүү багытын аныктаган алдыңкы инноваторлор чогулганын белгиледи.

"Биздин Корея жана Япониядан келген коноктор суу ресурстарын сактоо боюнча техникалык чечимдер менен бөлүшүүгө даярдыгы өзгөчө баалоого татыктуу, бул биздин өлкө үчүн актуалдуу тематика болуп саналат", - деди ал.

Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаров тарабынан өлкөнүн санариптик өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясы бекитилгенин, ал мамлекеттик органдарга жарандар үчүн сезилерлик натыйжа менен жаңы санариптик долбоорлорду ишке киргизүүгө мүмкүндүк берерин эске салды.

"Биз санариптик технологияларды колдонууга негизделген экономикада жана социалдык процесстерде болуп жаткан тектоникалык өзгөрүүлөрдүн күбөсү жана ошол эле учурда жаратуучуларыбыз. Жаңы санариптик реалдуулук өлкөлөрдү жана бүтүндөй аймактарды тездик менен өзгөртүп, бардык тармактарда башкаруу жана кызмат көрсөтүү моделдерин өзгөртүп жатат. Бизге санариптик, эң негизгиси акылдуу жана натыйжалуу чечимдерге негизделген башкаруунун жаңы модели керек. Санариптик технологиялар өлкө боюнча ишке ашырылышы керек. Бул багытта алгачкы кадамдар жасалды. Азыр министрлер кабинети кагаз иштерин жүргүзүүдөн баш тартып, санариптик технологияларды көбүрөөк колдонууда. Биз санариптештирүү жолунда жакшы темп менен бара жатабыз, бирок мындан да чоң ийгиликтерге жетишибиз керек", - деди ал.

Белгилей кетсек, форум технологиялык секторлордун өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн бизнес-коомчулукту, эл аралык эксперттерди, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана IT адистериин бириктирет.

Форум Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, өлкөгө эл аралык инвесторлордун көңүлүн бурууга багытталат. Кыргызстан Азия менен Европанын ортосундагы стратегиялык көпүрө катары өзүнүн географиялык жайгашуусу, ресурстары жана ишкердик жүгүзүү үчүн жагымдуулугу менен инвестиция салууга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Форумдун катышуучуларын кызыкдуу панелдик дискуссиялар, интерактивдүү мастер-класстар, андан тышкары натыйжалуу нетвворкинг үчүн мүмкүнчүлүктөр күтөт.


Кыргызстандын маалыматтык технологиялар форуму — IT тармагынын жыл сайын өтүүчү башкы иш-чарасы болуп саналат. Ал Кыргызстанда 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн алдыңкы эксперттерди, компания жетекчилерин, иштеп чыгуучуларды жана студенттерди чогултат. Салт боюнча форумга 5 миңден ашуун адам катышат.

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги форумдун башкы маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий