• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Министр Кутнаева Азербайжандагы “ASAN хидмет” кызматынын тажрыйбасы менен таанышты

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө “ASAN хидмет” кызматынын тажрыйбасы менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Азербайжан Президентине караштуу Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана социалдык инновациялар мамлекеттик агенттигинин төрагасы Улви Мехтиев менен жолугушууда “ASAN хидмет” кызматынын ишмердүүлүгү, ошондой эле мамлекеттик агенттиктин башка маанилүү иш-чаралары жана долбоорлору чагылдырылды.

Эки тарап тең сапардын жүрүшүндө кол коюлган “Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана социалдык инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду” ишке ашырууда тыгыз кызматташтыкты орнотуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар ошондой эле “ASAN хидмет” ишинин контекстинде тажрыйба алмашуу боюнча кызматташуунун башталышын талкуулашты.

Мындан тышкары, министр INNOLAND инкубациялык жана акселерациялык борборунун, “ASAN хидмет” мобилдик борборлорунун, ABAD жана Bilim Baku ишмердиги менен таанышты.

Министр Кутнаева меймандостугу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүүдө кызматташууга даярдыгы үчүн азер тарапка ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий