• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Оренбургга Кыргызстандын атынан гумжардам жеткирген ӨМК кызматкерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Россиянын Оренбург облусунун вице-губернатору Сергей Балыкин Кыргызстандын атынан гуманитардык жардам жеткирип барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине ыраазычылык кат тапшырды.

ӨКМден билдиришкендей, Сергей Балыкин эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиленин тарыхына токтолуп, кыргыз эли айрыкча меймандос, кыйынчылыкта жардамга кол сунууга дайым даяр турган чыныгы бир тууган, бекем кызматташтыктын үлгүсүн көрсөткөн эл катары баса белгиледи.

Мындан сырткары "Жардам кербенинин" экинчи бөлүгү барган облустун Орск шаарынын башчысынын атынан ыраазычылык кат ӨКМдин кызматкерлерине жана жүк ташуучу унаанын айдоочуларына тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан Оренбург облусунун элине 350 тонна гуманитардык жардам көрсөттү. 20 унаадан турган "Жардам кербенин" өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеткирди.

Пикир

Оставить комментарий