• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкекте Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө арналган илимий-практикалык конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн Бишкекте "Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кырсыктардын коркунучун азайтуу" темасында V илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара өлкөдө жыл сайын белгиленип келген Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө жана "Климат жумалыгына" карата уюштурулду.

Ага министр Бообек Ажикеев, министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Өзгөчө кырдаалдардын жана табигый-техногендик кырсыктардын алдын алуу боюнча тыгыз кызматташтыкта иш алып барган ЕККУнун, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле КР президентинин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова катышты.

Министр Бообек Ажикеев бүгүнкү күндүн эң актуалдуу темасы – кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселесин талкуулоого катышкан бардык тараптарга ыраазычылык билдирип, бул көйгөйлөр учурдун болуп көрбөгөндөй курч жана дүйнөдөгү миллиондогон элдин жашоосун козгоп жаткан маселелерден экенин белгиледи.

"Өзгөчө Кыргызстанда быйылкы 2024-жыл жаратылыш апааттары өтө көп санда катталган оор жыл болду, анын кесепетинен 22 адамдын өмүрү кыйылып, 2465 адамды эвакуацияладык. 84 социалдык объектини жана 5354 турак жайды сел суулары каптап, ошондой эле 135 автоунаанын, 80 көпүрөнүн кыйроосуна алып келди. Мындан улам келтирилген материалдык чыгым 1 млрд 255 млн сомдон ашты", - деди министр.

Ал климаттык өзгөрүүгө жана кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту күчөтүү министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жана болтурбоо аракеттерине колдоо көрсөтүп, биздин келечекти коргоп калууга ыкчам чара көрүү үчүн бирге кызматташкан эл аралык коомчулукка ыраазычылык айтып, мындан ары да экологияны коргоого багытталган пландарды жана долбоорлорду чогуу жүзөгө ашырууга даяр экенин кошумчалап, бүгүнкү конференция мына ушул артыкчылыктарга түрткү боло аларына ишеним артты.

Андан соң ЕККУ жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрүнө сөз берилип, министр Бообек Ажикеев көтөргөн маселелерди кубаттарын, ошону менен бирге Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда кандай абал болбосун шериктештик мамилелерди уланта берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Иш-чаранын соңунда бир айлыктын алкагында жарыяланган аймактарда кырсыктардын тобокелдигин жоюу боюнча өз учурунда иш алып барып, ыкчам чара көргөн ӨКМдин облустардагы башкармалыктар арасындагы сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Ага ылайык I орунду Ысык-Көл, II орунду Жалал-Абад, ал эми III орунду Чүй облустук башкармалыктары камсыз кылып, жетекчилерине баалуу белектер ыйгарылды.

Министр оор кырдаалдарда элдин социалдык коопсуздугун калыбына келтирүүгө өзгөчө салым кошуп, милдеттерин так аткарган башкармалык башчыларына өз каалоолорун билдирип кетти.

Пикир

Оставить комментарий