• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкекте кышкы туристтик сезон ачылат

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Эртең,14-декабрда «Бишкек Арена» шаардык муз тебүүчү аянтчасында Кыргызстанда 2023-2024-жылдарга кышкы туристтик сезондун расмий ачылыш аземи болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарада коньки тебүү, муз акробатикасы, хоккей чеберчилигин көрсөтүү, популярдуу ырчы-бийчилердин катышуусунда концерттик программа менен коштолуп, катышуучулар арасында өнөктөштөрдүн ар кандай байгелүү сынактары уюштурулат.

Иш-чараны Туризм департаменти Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда, спорт жана оюн-зоок мекемелеринин колдоосунда «Шаардык муз тебүүчү аянтча» комплекси жана башка уюмдар менен биргеликте уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий