• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте кыздар арасында хоккей боюнча Азия жана Океания кубогу жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. 30-март күнү Бишкекте кыз-келиндер арасында шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеште Кыргызстан, Иран, Индия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Филиппин өлкөлөрүнүн командалары күч сынашып, жыйынтыгында Ирандын командасы 1-орунду ээледи. 2-орунга Филиппин командасы, 3-орунга Бириккен Араб Эмирлигинин командасы татыды. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы сыйлыктар тапшырылды.

Мелдештин жабылуу аземине Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун Олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттун массалык иш-чараларын өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясынын директору Урмат Асанбаев, хоккей федерациясынын өкүлдөрү жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Эске салсак, кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогу 24-март күнү башталган. Мындай иш-чара Кыргызстандын аймагында биринчи ирет өттү.

Пикир

Оставить комментарий