• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы КРнын өкүлү алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Улукбек Кармышаков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ошондой эле мамлекет башчысы кол койгон башка бир жарлыкка ылайык, Айгүл Рыскулова КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, Рыскулова аталган кызматка 2020-жылдын февралында дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий