• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте кызды өлтүрө сүзгөн мас айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Кырсык 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Күн мурун Бишкектин Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде кызды өлтүрө түзүп кеткен айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

1995-жылы туулган В.Т. аттуу айдоочу тергөө кызматына алынып келип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Белгилей кетсек, кечээ, 7-апрелде болжол менен саат 08:45 чамасында Subaru Forester унаасы Бишкек шаарынын Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен "Опель-Астра" унаасын сүзүп эбегейсиз материалдык чыгым келтирген.

Айдоочу жоопкерчиликтен качуу максатында окуя болгон жерден качып бара жатып, Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн 25-30 жаштагы кыз кишини сүзүп, андан ары Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жолдун жээгиндеги электр мамысын сүзүп токтогон.

Жөө жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилип, айдоочусун текшерүү учурунда Бишкек шаарынын 27 жаштагы В.Т. аттуу тургуну экени жана алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы аныкталган.

Унаа айып аянтчага токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий